09.07.2018 16:42

Жээнбеков адам өлүмүнө алып келген табигый кырсыктарга байланыштуу Япония премьер-министрине көңүл айтты

Жээнбеков адам өлүмүнө  алып келген табигый кырсыктарга байланыштуу Япония премьер-министрине көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков көптөгөн адамдардын курмандыгына жана кыйроолорго алып келген Япониянын борбордук жана түштүк-батыш бөлүгүндөгү ташкындоолорго жана жер көчкүлөргө байланыштуу Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

«Кыргыз Республикасынын элинин жана өз атымдан курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниеттен көңүл айтам, ошондой эле жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Бул жаман кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Буга чейин япон өкмөтү катуу жаан, ташкындоо жана жер көчкүлөрдөн өлкөнүн түштүк-батышында эң аз дегенде 100 адам каза тапканын билдирген эле.

Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсихидэ Суганын маалыматына караганда, табигый кырсыктан Хиросима префектурасынын тургундары көп жапа чеккен.